7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Украинадан эвакуацияланган кыргызстандыктар мекенине келди

545

Украинанын аймагынан чыгып, үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоону уюштуруу үчүн Польшага жөнөтүлгөн дипломаттардын ыкчам тобу мекендештерди мекенине алып чыгуу иштерин улантууда. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн 19-март күнү Кыргызстандын 43 жараны Чехиядан Ошко, 35 Кыргызстандын жараны Прага-Стамбул-Бишкек багыты боюнча Прагадан Бишкекке учуп келди. Бул каттамдарга кыргызстандыктар үчүн билеттерди Миграция боюнча эл аралык уюмдун миссиясынын Прагадагы өкүлчүлүгү сатып берген.

Маалыматка ылайык, Бишкекке кезектеги чартердик каттам келип, ичинде Украинанын аймагынан Польшага кеткен 95 Кыргыз Республикасынын жараны (анын ичинде аялдар жана балдар) болгон.

Бул КРнын Тышкы иштер министрлиги польша тарабы жана жарандардын мекенине кайтып келүүсүн уюштурууга көмөктөшүүчү Европалык чек ара кызматынын «Фронтекс» агенттиги менен биргеликте уюштурган экинчи эвакуациялык каттам.

Эскерте кетсек, 12-18-март күндөрү Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин көмөгү менен Украина-Польша мамлекеттик чек арасынан КРнын 34 жараны өткөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргызстандын 718 жаранына Украинадан чыгып кетүүгө жардам көрсөтүштү.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

546