7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинде Нооруз майрамы белгиленди

555

Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинде Нооруз майрамына арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чараны куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кушчубеков Талантбек Чоюбекович ачты.

Венгриянын лингвистика жана этнография илимдеринин кандидаты, венгр манасчысы Давид Кара Сомфайдын аткаруусунда, ошондой эле Венгрияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин аткаруусунда улуттук ырлары ырдалып, Нооруз майрамын белгилешти.

Ал эми иш-чарага Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин, Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин Венгриядагы Өкүлчүлүгүнүн жана Мадяр-Туран Фондунун өкүлдөрү катышты. Иш-чарага 200дөн ашык адам катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

556