7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мишустин Акылбек Жапаровду дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады

620

Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жана жалпы кыргыз элин Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушу менен куттуктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу Акылбек Үсөнбекович,

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке озүмдүн атымдан Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушу менен куттуктайм.

Россия-кыргыз мамилелери достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык ырааттуу өнүгүп, энергетикада, өнөр жайда, илимде жана маданиятта биргелешкен ири долбоорлор ишке ашырылууда. Евразиялык экономикалык биримдиктин жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин алкагында өз ара аракеттенүү чыңдалууда.

Өкмөттүн линиясы боюнча жигердүү биргелешкен иш практикалык кооперациянын мындан ары кеңейтилишине, өз ара пайдалуу жаңы демилгелерди илгерилетүүгө түрткү берет деп ишенем. Бул эки өлкө кызыкчылыгына толугу менен жооп берет»,- дейт куттуктоо телеграммасында.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин ошондой эле Акылбек Жапаровго чың ден соолук жана жоопкерчиликтүү кызматындагы жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын жалпы жарандарына бакубаттуулукту каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

621