7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жерибиз, элибиз гүлдөп, өнүгүп өссүн». Президент сүмөлөк даярдоого катышты

957

Бүгүн, 20- мартта президент Садыр Жапаров жазгы күн менен түн теңелген Нооруз майрамынын алдында сүмөлөк даярдоого катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы отту тегеректеп олтурган кадырлуу аксакалдар жана жергиликтүү жашоочулар менен баарлашты. Катышуучулар манасчылардын, төкмө-акындардын, комузчулардын жана аккордеончулардын коштоосунда чакан концерттик программага күбө болушту.

Салтка ылайык, Садыр Жапаров сүмөлөк бышырылып жаткан казанды аралаштырып, кыргыздын байыркы ишеними боюнча аруу тилектерин айтып, алардын орундалышын каалады.

«Оо, Жараткан! Элибизге кут, береке бере көр! Жергебизде тынчтык болсун!

Быйылкы түшүмүбүздүн ырыскысы мол болсун! Жерибиз, элибиз гүлдөп, өнүгүп өссүн! Эң негизгиси, тынчтык болсун!», — деди президент Жапаров.

Өз кезегинде аксакалдар мамлекет башчысына бата беришип, Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү жана тынчтык каалашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

958