7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

724

Тажикстандын президенти Эмомали президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүнкү күндө эл аралык майрам статусуна ээ болгон байыркы Нооруз өзүнүн терең руханий мааниси менен адамзаттын кызыкчылыгына кызмат кылып келе жатканы кубандырат.

Биздин замандын оор социалдык-экономикалык жана геосаясий шарттарында Жаз майрамынын жалпы адамзаттык баалуулуктары кайра жаралуу жана жаратуу, тынчтык жана бейпилдик, достук жана биримдик, өз ара түшүнүшүү жана тилектештик, өз ара урматтоо жана колдоо идеалдарын камтыган өзгөчө мааниге ээ.

Мен кыргыз-тажик кызматташтыгы жана ынак коңшулук мамилелери куттуу Нооруз майрамынын жакшы салттарын улантуу менен келечекте биздин элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгүп жана кеңейе берерине терең ишенем», — деп белгиленет Тажикстан президентинин куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле Эмомали Рахмон Жапаровго чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстан элине тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725