Өзгөн районундагы көмүр кенинде 3 чет элдик жаранды көмүр аралаш таш басып калып, көз жумушту. Маалыматты 7-каналга Ош ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, Өзгөн РИИБге 20-март күнү таңкы саат 07:10 чамасында Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө участкасында орун алган «АБКЕ» көмүр кен ишканасында үч кытай жаранын таш басып калдыганы жөнүндө кабар түшкөн. Аталган маалымат 20-мартта маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Өзгөн РИИБдин жооптуу жетекчиси жана ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган. 20-мартка караган түнү 00:30 чамасында Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө участкасындагы «АБКЕ» ЖЧКсынын шахтасында, Кытайдын 1971, жана 1973-жылы туулган 2 жаран шахтанын ичинде, көмүр казуу иштерин жүргузүп жатышып, казылган жерлердин үстүнкү тарабын казып жатышканда, көмүр аралаш чоң салмактагы таштар кулап, басып калгындыгы аныкталган.
Бирге иштеген Кытайдын жарандары тарабынан казып алынган. Бул окуя боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, сырттан шахтанын ичине чейинки болжол менен 50 метр аралыкта көчкү болгондугу аныкталган. Маркумдардын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Иликтөө иштери улантылууда.