7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: Президент 100 жыл мурда жасалган килемди сатып алды

1667

Бүгүн, президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Баткен шаарынын борбордук стадионунда өткөн Нооруз майрамына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы “Кыргыз күрөш” улуттук күрөшү боюнча финалдык беттешке күбө болуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырды. Андан соң кол өнөрчүлөр аллеясы жана Баткен килемдери менен таанышты. Садыр Жапаров килемдердин бирин сатып алды. Уздардын айтымында, ал 100 жылдай мурда жасалган.

Ошондой эле, мамлекет башчыга Кыргызстандын белгилүү жана көрүнүктүү инсандарынын портреттери түшүрүлгөн аллея көрсөтүлдү.

Садыр Жапаров ата-бабалардын салтын улап, өткөн түнү сүмөлөк бышырылган бир тонналык казанды ачты. Президент жаңы эле даяр болгон сүмөлөктөн ооз тийди, аксакалдар ага ак баталарын беришти.

Көрүүчүлөргө «Нооруз» аттуу театралдаштырылган чоң пролог көрсөтүлдү.

Андан соң Садыр Жапаров куттуктоо сөз сүйлөдү. Биринчи кезекте ал Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон баткендик бир катар атактуу адамдардын ысымдарын урматтоо менен атап өттү. Ал ошондой эле Исфана шаарынын аталышын Раззаков шаары деп өзгөртүү боюнча бир күн мурда өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараны эске салып, бул иш-чара жарандарды руханий-адептик тарбиялоо деңгээлин сапаттык жактан жогорулатууга, өлкө бүтүндүгүн жана элибиздин биримдигин бекемдөөгө дем берерине ишенерин билдирди.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы өлкөнүн экономикасын, анын ичинде Баткен облусун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине басым жасады.

Сөзүн жыйынтыктап жатып, Садыр Жапаров Кыргызстандык мекендештерине жакшы каалоо-тилектерин айтып, жалпы журтту Нооруз майрамы менен куттуктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1668