7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайда Boeing 737 учагы 133 жүргүнчүсү менен кулады

1587

China Eastern Boeing 737 жүргүнчү учагы Кытайдын түштүгүндө кыйроого учурады. Бул тууралуу 21-мартта Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

«Кытайдын Гуанси-Чжуанск автономиялуу районуна караштуу Учжоу шаарынын Тэн округунда 133 жүргүнчүсү бар China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737 жүргүнчү учагы кулап түшкөн»,- деп айтылат маалыматта. 

Flightradar24 агенттигинин маалыматына караганда, MU5735 рейсиндеги учак Куньминден жергиликтүү убакыт боюнча 13:15те учуп, Гуанчжоуга багыт алган. Учжоу аймагында саат 14:20 чамасында учак ылдамдыгын кескин азайтып, бийиктигин жогото баштаган, андан кийин радар экранынан көрүнбөй калган. Курман болгондордун саны белгисиз. Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда. Ошондой эле маалымат каражаттары учак кулаган жердеги токойдо өрт чыкканын жазып чыгышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1588