7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

22-мартка карата аба ырайы

873

Эртең, 22-мартта Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5…7 градуска жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй, Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;
  • Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Ал эми бийик тоолордо түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градус болот.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

874