Казакстандын Орал шаарынын тургуну көчөдөгү дааратканага түшүп кеткен. Бул тууралуу Спутник Казакстан жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Орал шаарындагы автосервистин аймагында болуп, 30-35 жаштагы эркек киши дааратканага түшүп кеткен.
«Куткаруучулар Шолохов көчөсүндө жайгашкан автосервиске келип, жабырлануучуну дааратканадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп билдирген Батыш Казакстан облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча, көчөдөгү дааратканага түшүп кеткен адам шаардык ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, ал күкүрттүү суутекке ууланган.