Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан “Милиция – менин досум, коргоочум, спорт менен дени сак да болосуң” аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Нооруз майрамына карата уюштурулган спорттук таймашка Кочкор-Ата шаарынын жана Момбеков айыл аймагындагы 9 мектептин окуучулары катышып, жаш өспүрүмдөр спорттун 5 түрүнөн күч сынашты.
Спорттук иш-чаранын жүрүшүндө Ноокен РИИБдин начальнигинин орун басары Эдилбек Жаркынбаев сөз сүйлөп, Нооруз майрамы менен куттуктады.
Ошондой эле спорт ден соолукту, ынтымакты бекемдей тургандыгын айтып, мектеп окуучуларынын достугун арттыруу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында бул иш-чара уюштурулгандыгын белгиледи.
Жеңүүчүлөргө милиция кызматкерлери тарабынан даярдалган медалдар, диплом жана баалуу белектер тапшырылды.