7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Файсал Аль Сауд Руслан Казакбаевди расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды

573

20-21-мартта кыргыз-сауд мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Сауд Араб Падышалыгынын Тышкы иштер министри Улуу Даражалуу Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргыз Республикасына сапары болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын борбор калаага расмий сапары Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен эки тараптуу күн тартибиндеги бардык маселелерди талкуулоо максатында болду. Белгилей кетсек, мындай жогорку деңгээлдеги алгачкы сапар Кыргыз Республикасы менен Сауд Араб Падышалыгынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын майрамдоо жылында өтүп жатат.

Бул сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын ортосунда кеңири сүйлөшүүлөр болуп өттү, анын жүрүшүндө Руслан Казакбаев менен Ханзаада Файсал Аль Сауд эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Министр Казакбаев кыргыз-сауд саясий кызматташтыгы эч кандай пикир келишпестиктердин жоктугу менен мүнөздөлөөрүн жана акыркы мезгилде «күч алып» жаткандыгын баса белгилеп, буга байланыштуу саудиялык тарапка эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгарууну сунуштады.

Тараптар ү.ж. октябрь айында дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекет башчыларынын жана тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өз ара куттуктоо каттарын алмашуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Сауд Арабияга сапары боюнча биргелешкен координацияланган иш жөнүндө макулдашышты.

Кыргызстандын башчысынын үстүбүздөгү жылдагы САПка сапарына даярдык көрүү иштеринин алкагында тараптар төмөнкүдөй иш-чараларды уюштуруу зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүүгө келишти:

  • Тышкы иштер министрликтери аралык саясий кенешмелер;
  • Кызматташтык боюнча биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны;
  • Кыргыз-Сауд бизнес форумун Бишкек шаарында өткөрүү;
  • Бишкек шаарындагы Кыргыз-Сауд Маданият борборунун курулушу;
  • ошондой эле дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына арналган башка иш-чаралар (маданият күндөрү, туристтик форум, илимий конференциялар ж.б.).

Эки өлкөнүн инвестициялык чөйрөсүндөгү кызматташтыгын кеңейтүүнүн алкагында тараптар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясынын жеткиликтүү ипотекалык кредиттөө механизмдери аркылуу Кыргызстандын калкын турак жай менен камсыз кылуу максатындагы «Менин үйүм» турак-жай программасын каржылоону деталдуу талкуулашты, ошондой эле айыл чарба, ГЭСтерди куруу, инфраструктуралык долбоорлор ж.б. тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен кыргыз-сауд фондун түзүү маселеси боюнча өз ара түшүнүшүүгө келишти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Министр Р.Казакбаев кыргыз тараптын Сауд Араб Падышалыгы менен саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну ырааттуу өнүктүрүүгө бекем ниетин билдирип, ушуга байланыштуу ар кандай деңгээлдеги өз ара иш сапарларды уюштуруунун, эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн, эл аралык уюмдардын (БУУ жана ИКУ) алкагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги эң актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

КРнын жарандарынын Сауд Арабиясына туристтик максатта барууга болгон кызыгуусу тездик менен өсүп жатканын эске алуу менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы КРнын жарандарына САПка электрондук туристтик виза алуу жол-жобосун жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында пресс-конференция болуп, анын жүрүшүндө Руслан Казакбаев жана Ханзаада Файсал Аль Сауд жетишилген макулдашуулар жана тараптардын кыргыз-сауд мамилелерин мындан ары да чыңдоого багытталган биргелешкен күч-аракеттерди көрүүгө умтулуусу тууралуу билдирүү жасашты.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров САПтын тышкы иштер министрин кабыл алды. Ошондой эле, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуу болду.

Өз кезегинде, Ханзаада Файсал Аль Сауд ага көрсөтүлгөн меймандостугу үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилигине чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирип, ошондой эле Бишкекте болгон учурунда көтөрүлгөн келишимдерди жана демилгелерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин белгиледи.

Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди үстүбүздөгү жылы Сауд Арабиясына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Аталган сапардын так даталары алдыда дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылары белгилүү болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

574