Бүгүн, 22-марттан тартып «Москва–Бишкек–Москва» багыты боюнча эртең мененки каттамы жандандырылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва-Бишкек каттамын күнүнө эки жолу, эртең менен жана түштөн кийинки убакта аткармакчы.