7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды

698

Лейлекте мыйзамсыз сакталып жүргөн ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Лейлек РИИБдин кызматыкерлери тарабынан “Арсенал”, “Издөө” иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам маалыматтар алынып, иш аракеттер жүргүзүлүп, Лейлек айылынын 47 жаштагы тургунунун үйүнөн мыйзамсыз сактап жүргөн сайлуу ок атуучу курал жана анын 8 даана ок дарыларын аныкталып, алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жарандын үйүнөн алынган “СКС” үлгүсүндөгү сайлуу куралдын эч кандай документтери аныкталган эмес. Бул факты Лейлек РИИБге Кылмыш жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен катталып, тергөө иштери жүрө баштайт.

Ушул эле кылмыш ишинин алкагында ыкчам кызматкерлер ыкчам маалыматтардын негизинде Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын 26 жаштагы жарандын жашаган үйүнөн 16 калибрдеги 1 стволдуу сайсыз ок атуучу куралы жана 2 даана ок дарылары менен эч кандай документи жок, мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен аныкталып алынды. Бул алынган ок атуучу куралдарга тиешелүү экспетизалар дайындалып, жыйынтыгы чыгарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

699