7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сүйүмбаев көчөсүндөгү тез тамактануучу жайлар алынууда

642

Жерди көрктөндүрүү жана жерлерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаанын санитардык абалын жана тышкы  көрүнүшүн жакшыртуу боюнча иштерди улантып, шаарды мыйзамсыз  курулуштардан  бошотууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын ижара келишимдерин бузуу тууралуу катынын негизинде,  инспекция “Тазалык” ишканасынын атайын бригадасы менен биргеликте Сүйүмбаев көчөсүндөгү (мурдагы Карпинка) тез тамактануучу жайларды бузуу иштерин баштады. Кээ бир менчик ээлери объекттерди өз ыктыяры менен алып жатышат»,-деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643