Сүлүктү шаарында чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция Тажикстандын Согди облусунун Расулов районунун 1975-жылы туулган тургуну Сүлүктү шаарындагы ашканалардын биринде иштеп жаткандыгын аныктаган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө аталган жаран Сүлүктү шаарына Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү белгилүү болгон. Бул факт Сүлүктү ШИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.