7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку соттун төрагасы «Укук булагы» долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолукту

665

Бүгүн, 22-мартта, Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш чарага Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев,  Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усупбаев, ошондой эле «Укук булагы” долбоорун баалоо боюнча эксперт,  Жордж Вашингтон Университетинин Эллиот эл аралык мамилелер мектебинин профессору Шон Робетрс  катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар сот тутумундагы учурдагы кырдаалды талкуулашты. Анткени, бул USAIDдин «Укук булагы» долбоорун ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында өлкөнүн сот тутуму сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын, соттордун беделин жана элдин сотторго болгон ишенимин жогорулатууга багытталган радикалдуу чечимдерди, олуттуу өзгөрүүлөрдү талап кылары белгиленген.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-мартында соттордун курултайы өтүп, ага өлкө президенти Садыр Жапаров катышкан. Бул өлкө жетекчилигинин пландаштырылган реформалардын ийгиликтүү ишке ашуусуна түздөн-түз кызыкдар экенинен кабар берет”, — деп белгиледи Замирбек Базарбеков.

Тараптар  сот тутумундагы  жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле «Укук булагы» долбоорунун алкагында мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

666