7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жаш кыз унаа айдып качып, жол кырсыгына кабылган

1166

Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан унаа айдап качууга шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

17-мартта Ленин РИИБге шаардын тургуну кайрылып, 16-мартка караган түнү болжол менен саат 04:30 чамасында Чүй менен Фучика көчөлөрүнүн кесилишине кыз такси чакыртып, акчасын төлөбөстөн айдоочу дүкөнгө кирип кеткенинен пайдаланып, Mitsubishi Carisma унаасын айдап качып кеткенин билдирген.

Факт каттоого алынып, Жазык кодексинин 211-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 2003-жылы туулган кыз кармалган. Сот баш коргоо чарасын карап, аны СИЗО-1ге бир айга камакка алган. Бул кылмыш ишинин алкагында Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын жол кырсыгына кабылган унааны табышкан. Тергөө уланууда. 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1167