7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнө пландан тышкары барды

578

Президент Садыр Жапаров 23-мартта, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнө пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевдин маалыматы боюнча оорукананын аталган бөлүмү 2011-жылдан бери иштебей бош туруп, өтө начар абалга келген. Үстүбүздөгү жылы имаратты оңдоо иштери бүтүп, бейтаптарды кабыл алуу жарым-жартылай башталган.

Мамлекет башчысы 150дөн ашык орунга эсептелген травматологиялык корпустун оңдолгон имаратын көрүп чыкты. Мында бардык заманбап талаптарга жооп берген медициналык жабдуулар бар. Сөөк ириңи, муундар патологиясы, травматолгия жана чоңдордун ортопедиялык бөлүмдөрү ачылат. Ошондой эле операциялык блок жана жандандыруу палаталары бар.

Ооруканага барганда Садыр Жапаров Улуттук госпиталдын кызматкерлери менен баарлашып, алардын эмгек акы, медицина кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо боюнча жана чет элдик клиникалар менен кызматташууга байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта социалдык кызматкерлердин, анын ичинде дарыгерлердин эмгек акысын жогорулатуу пландалып жатканын эске салды. Ал өлкөдө социалдык кызматкерлерди эле эмес, өлкөнүн бардык жарандарын турак жай менен камсыз кылууга багытталган жеңилдетилген ипотекалык насыялоо боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылып жатканын дагы бир жолу белгиледи.

Садыр Жапаров жарандардын бардык категориялары үчүн жеңилдетилген ипотекалык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу аракеттери улантылат деп ишендирди.
Травматология имаратына барган учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги менен имаратты оңдогон компаниялардын биринин ортосунда талаш жараткан жагдайлар бар экени белгилүү болду.

Мамлекет башчысынын көзүнчө тараптардын ортосундагы талаш маселелер чечилди. Корпус үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта толук кандуу иштеп, бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

579