7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Көйгөйлөрдү жеринде чечип, элдин ыңгайлуу жашоосу үчүн шарттарды түзгүлө

669

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жана мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлердин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, учурда региондордун финансылык өз алдынчалуулугуна өзгөчө көңүл бурулууда.

«Министрлер Кабинетинин чечими менен керектелген электр энергиясы боюнча милдеттенмелер жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке которулуп, ар бир облуста жетиштүү уставдык капиталы бар өнүктүрүү фонддору түзүлүп, айыл өкмөттөрдүн ыйгарым укуктары кеңейтилди. Болгону таза иштеш керек. Жер-жерлердеги элдин турмушунун сапатын аныктоочу эн маанилүү жана курч көйгөйлөрдү чечүү сиздердин колунуздарда», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, социалдык инфраструктураны өркүндөтүү, аймактарды көрктөндүрүү, айыл чарба өндүрүшчүлөрүн үрөн жана жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулушу керек.

«Фермерлерге болгону сапаттуу үрөн сатып алууга мүмкүндүк берүү, бардык ирригациялык тармактарды жана сугат каналдарды даярдоо керек. Бул мамлекеттин жарандарды колдоо боюнча милдети. Ар бир кайрылууну жеке көзөмөлүңүздөргө алып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр өз учурунда жана сапаттуу көрсөтүлүшүнө басым коюңуздар. Орчундуу көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун калк менен түздөн-түз талкуулап, ар бир кадамыңыздар элдин көз алдында ачык болушу керек. Ушундай жол менен гана калктын аткаруу бийлик органдарына болгон ишенимин актай алабыз», — деп белгиледи Министрлер кабинетинин башчысы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

670