Социалдык тармактарда жүрүп бара жаткан унаадан түшө калып, жөө баскан айдоочунун видеосу тараган. Милициянын кайгуул кызматынан айдоочуга айып пул салынганын билдиришти.
«Жүрүп бара жаткан унаадан түшө калып, жөө баскан «Кыргыз почтасы» ишканасынын айдоочусуна авто ээнбаштык жасагандыгы үчүн 7 миң 500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram