7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бизнес жана Башкы прокуратура консультативдик кеңеш түзүүдө. Ал эмне менен алектенет?

573

Кыргызстанда бизнес, бизнес-акыйкатчынын институту жана Башкы прокуратуранын Консультативдик кеңеши түзүлүүдө. Америкалык соода палатасынын директорлор кеңешинин төрайымы Назира Бейшеналиева жеке ишкерлер көзөмөлдөөчү орган менен кызматташуудан эмнелерди күтүп жатканын айтып берди.

— Назира айтсаңыз, ушул тапта өлкөбүздө бизнес кандай абалда? Чакырыктар менен тынчсыздануулардын көбөйгөндүгү түшүнүктүү. Учурдагы кырдаалда сизди эмнелер түйшөлтүүдө?

— Сиз мен үчүн абдан актуалдуу болуп жаткан суроо узаттыңыз. Мен көп жылдар бою жагымдуу ишкерлик климатын түзүүгө көмөктөшүү боюнча иш-аракеттерди жасап келем. Андыктан мен Кыргызстандын аймактагы жана дүйнөлүк рыноктогу ишкерлик аброюна кайдигер эмесмин.

Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын директорлор кеңеши ар түрдүү платформа жана ММКлар аркылуу туруктуу негизде бизнести коргоо, жеке менчиктин коопсуздугу, ишкерлик климатынын жагымдуулугуна байланышкан маселелерди көтөрүп келет. Биздин максат – тиешелүү укуктук талааны тузүү аркылуу экономикалык ишмердүүлүккө конституциялык кепилдиктерди бузууга жол бербөө.

Бизнес коомчулугунун мамлекеттик жана прокуратура органдарынын терс аракеттерине даттануу жана кайрылууларынан кийин Башкы прокурор жана бизнес-акыйкатчы менен ачык кеп орун алган. Ошол сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Консультативдик кеңеш түзүлүп отурат.

— Эмне себептен бизнес тармагына мамлекеттик орган аралашкан кезектеги кеңештин кереги бар?

— Анын бизнес гана эмес, ошондой эле мамлекетке, өлкөбүздүн ар бир жаранына зарылдыгын белгилеп кетким келет. Соңку 3 жылдын аралыгында гана биздин мамлекет пандемияны, үчүнчү революцияны, бийлик алмашууну, масштабдуу текшерүүлөрдү, салык мыйзамдарынын өзгөрүүсүн башынан өткөрдү. Булардын баарына учурда дүйнөдө орун алып жаткан геополитикалык окуялар да кошулду. Мына ушул шок абалдары түпкү маңызында сиздин жана жакындарыңыздын капчыгына таасирин тийгизет.

Ошондуктан бизнес мамлекет менен байланыш таап, өз көйгөйлөрүн жеткирүү үчүн мүмкүн болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын издеп жатат. Анткени бизнестин көйгөйлөрү – бул чынында өлкөбүздүн ар бир жашоочусунун көйгөйлөрү. Бизнес тармагы бизнес-акыйкатчынын институту жана Башкы прокуратура менен Консультативдик кеңешти түзүү менен прокурордук көзөмөлдөр жеке ишкерлердин экономикалык укуктары менен эркиндиктерин бузууга алып келген системалык маселелерди чечет деген үмүттө.

— Эмне үчүн кеңеш дал Башкы прокуратура менен биргеликте түзүлүп жатат?

— Анткени ал башка эч бир органдарда жок функцияларга ээ. Мисалы, прокуратура гана өлкө аймагында нормативдик укуктук актылардын так жана бир жактуу аткарылуусун текшерүүнү көзөмөлдөй алат. Иш жүзүндө бул мыйзам жеке жана туугандык байланыштардан улам тандоонун негизинде гана эмес, а рыноктун бардык катышуучуларына бирдей иштөөсү керек дегенди билдирет. Ошондой эле прокуратура юридикалык күчү жогору болгон нормативдик актыларга каршылык көрсөтө алат. Мындай мисалдар көптөп саналат.
Эң негизгиси прокуратура гана оперативдик-издөө ишмердүүлүгү менен алектенген тергөө органдарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзө алат.

— Прокуратура менен өз-ара аракеттенген мындай шайман аркылуу бизнес эмнеге жетишкиси келет?

— Элестетиңиз сиз жеке ишкерсиз. Түнү-күнү эмгектенесиз. Кээде оор шарттарда да. Белгилүү бир убакыттан кийин сиздин ишмердүүлүгүңүз киреше алып келе баштайт. Дал ошол мезгилде жеке байланыш, туугандык, бетбактык жана башка терс сапаттарын пайдаланып, сиздин бизнесиңизди тартып алышат. Ошондо сиз кандай абалда каласыз: кубанып рахат аласызбы же айлаңыз кетип, айыгышкан түрдө карлышык көрсөткүңуз келеби? Албетте экинчиси деп ишенем. Булардын баарына бизнести тартып алуу процессине аздыр-көптүр мамлекеттик органдар катышарын кошуңуз. Же жок дегенде алар сиздин экономикалык укуктарыңызды коргоо боюнча күч-аракет жумшашпайт.

Андыктан бизнес коомчулугу сөз болуп жаткан кеңеш аркылуу жеке ишкерлердин укуктарын чектен аша бузган учурлар жөнүндө маалыматтарды оперативдүү түрдө жана түздөн-түз Башкы прокурорго жеткирүү үчүн байланыштарды жолго коюуну каалайт.

— Башкы прокуратура менен анын жетекчисинин өзү канчалык деңгээлде сиздерди угууга даяр?

— Кеңешти түзүү сунушу дал Башкы прокуратура тарабынан киргизилди. Бул көзөмөлдөөчү органдын бизге чын дилинен жардам берүү каалоосу деген үмүттөмүн.

— Кеңештин күн тартибинде эмнелер турат?

— Экономикалык укуктарды, алардын корголуу деңгээлин сактоо жана жеке менчиктин кол тийбестиги. Рынок экономикасынын бул эрежеси менен баалуулугун бизнес коомчулугу өлкөнүн ар бир саясий лидерине талыкпастан кайталап келет.

— Жаңы конституцияга ылайык, Башкы прокуратура мыйзам чыгаруучулук демилгесине укук алды. Ал мындай укугун бизнеске жардам берүү үчүн колдонууга даярбы?

— Биз даяр деген үмүттөбүз. Биздин өлкөдө өз ишин баштоону белсенген жеке ишкер канчалаган тоскоолдуктар менен административдик басымдарга кабылганын көрүп жүрөгүбүз ооруйт. Ишкерлерибиз инвестициялык жана бизнес долбоорлордун үстүндө иштөөнүн ордуна кезектеги текшерүүдөн кийин өз капиталын сактоо жана коргоого күч менен ресурстарын сарпташат. Мындан тышкары адилетсиз сотко кабылып, узак убакыт соттошуп жүргөндөрү канча.

— Прокуратура кээде жарандык жана административдик иштерде бир жактын ролун аткарат, ал эми экономикалык иштер боюнча кылмыш-жаза процесстеринде айыптоочу болот.

-Сиз Башкы прокурордун көңүлүн көзөмөлдөөчү органдын ишмердүүлүгүнүн экинчи жагына бургуңуз келеби?

— Юрист жана адвокаттардын арасында бизнестин мамлекеттик органдар менен талашында өз укуктарын коргоп калуусу дээрлик мүмкүн эмес деген пикир бар. Андыктан биз прокуратура органдары менен кызматташуунун негизинде аталган негативдүү тажрыйбаны жоготобуз деп ишенебиз.

— Буга окшогон кеңештер көп эле түзүлгөн. Сиз учурда өлкөбүздө бизнести жүргүзүү татаал болуп жатканын айтып өттүңүз. Бул мамлекеттик органдар менен кызматташуунун мындай формасы пайда алып келбейт дегенди туюндурбайбы?

— Эгер эч нерсени жасабасак, анда эч нерсе өзгөрбөйт. Ар бир жеке ишкер – бул айлакер адам. Ал бир нерсени жасай салат. Башкы прокуратура менен өз-ара аракеттенип, биз жаңы күч-аракеттерди демилгелеп жатабыз. Бул кеңеш көзөмөлдөөчү органга мамлекеттик органдардын кандайдыр-бир аракеттери же аракетсиздиктери менен жарандардын экономикалык укуктары менен эркиндиктерин бузган учурларды объективдүү карап чыгат жана бөгөт коет деп ишенебиз.

Мындан тышкары кеңеш жеке ишкерлердин укуктарынын укук коргоо органдары тарабынан бузуу жана басым жасоо учурларын да карап чыгып, анализдейт. Мунун баары мамлекетке системалык көйгөйлөрдү аныктап, аларды жоготууга жардам берет.

Өз сөзүмдүн соңунда Консультативдик кеңеш капиталдын, жеке менчиктин жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого шарт түзүп берүүсүнө чоң үмүт менен ишеним артмакчымын. Анын ичинде оперативдик-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө да.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

574