Бүгүн, 25-мартта өрт өчүрүүчү унааларды кабыл алуу салтанаты өтүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги заманбап 58 өрт өчүрүүчү унаалуу болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өлкөдө мындай өрт өчүрүүчү унааларды масштабдуу жаңылоо 2008-жылдан бери жүргүзүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө бардык унаалар алдын ала атайын сыноолордон ийгиликтүү өтүп, ӨКМнин карамагына берилди. Алар адам өмүрүн сактоого, өрт копсуздугун алдын алуу үчүн өлкө аймактарындагы облустук жана шаардык өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнө бөлүнүп берилет.
Жаңы техникалар өрткө каршы атайын заманбап жабдуулар жана шаймандар менен жабдылган. Алардын ар биринде сыйымдуулугу 6 тонналык цистерна, өрттү өчүрүүчү көбүк-суюктук толтуруучу жана ар түрдүү кубаттуулуктагы насостор орнотулган. Өрт өчүрүүчү унаалар зарыл болгон куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү атайын бардык куткаруу куралдары менен жабдылган.
Белгилей кетсек, өрт өчүрүүчү унаалар “Кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоору аркылуу алынды.