Республиканын аймагында «Издөө» операциясы өткөрүлүп, 133 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
16-марттан 17-мартка чейин Кыргызстандын аймагында мамлекеттер аралык «Издөө» операциясы өткөн. Бул КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен чараларынын Мамлекеттер аралык программасы өзүнө транс чек аралык кылмыштуулукка каршы, анын ичинде баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүүсүнө, адамдарды сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, ошондой эле маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштар боюнча чараларды камтыйт.
Операцияга ички иштер органдарынын өздүк курамынын 3 миңден ашык кызматкери жана 260тан ашык техника тартылган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчилигинин алдында колдо болгон маалыматтарды тактоо жана издөөдө жүргөн кылмышкерлердин мүмкүн болуучу жерлерин текшерүү, дайынсыз жоголгондордун жана белгисиз өлүктөрдү аныктоо боюнча издөө топтору түзүлгөн. Бул ыкчам рейддердин жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кылмыштарды, анын ичинде оор кылмыштарды жасап издөөдө жүргөн 112 адам кармалган. Алардын ичинен адам өлтүрүү — 1, каракчылык — 5, тоноо — 8 жана башка кылмыштар боюнча издөөдө жүргөндөр.
Дайынсыз жоголгон 60 адамдын жүргөн жери аныкталып, 11 белгисиз өлүктүн өздүгү такталган.
«Мындан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн 31 адам ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн кармалган. Алардын арасында адам өлтүрүү, уурулук, тоноо, денеге оор залал келтирүү, документтерди жасалмалоо, баңгизаттарды таратуу боюнча издөөдө жүргөндөр бар. Кармоо иштери Бишкек шаарынын, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын аймагында жүргүзүлүп, анын ичинен издөөдө жүргөн 10 адам ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, «Издөө» операциясынын жүрүшүндө республика боюнча 133 кылмыштын бети ачылган, анын ичинде тоноо, денеге атайылап оор залал келтирүү, зордуктоо, тоноо, унаа уурдоо, уурулук жана башкалар. Ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо боюнча 5 факты, баңгизатын мыйзамсыз сактоо боюнча 2 факты, 1 кг. 22,5 гр. марихуана аныкталган, мындан тышкары, прекурсорлорду сатуу фактылары аныкталып- 217 кг күкүрт кислотасы алынган»,- деп айтылат маалыматта.