“Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан жалпы суммасы 2,5 миллион сом дары-дармек каражаттарынын жана мейиздин контрабандасына бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чоң-Талаа айылынын жанында КР жараны “А. у. М.” Башкаруусунда “Mercedes-Benz Sprinter408” үлгүсүндө автоунаа токтотулган.
Транспортту кароодо жүк бөлүгүндө жалпы салмагы 265 кг мейиз, ошондой эле унаада төмөнкү аталыштагы дары-дармек каражаттары болгон.
- Линкомицина гидрохлорид 300мг/1мл — жалпы салмагы 75 кг, 20 миң ампула санда ийне саюу үчүн эритмелер;
- суюк алоэ экстракты 1 мл. – салмагы 112 кг, 28 миң ампула;
- Кокарбоксилаза 50мг. – салмагы 140 кг 5500 ампула;
- Глюкоза 40% 10мл. — салмагы 140 кг 6500 ампула
- Лидаза 1280 МЕ- салмагы 36 кг 8 миң ампула;
- Милдронат мельдоний 100мг/мл – салмагы 7,49кг 2980 ампула
- Ксефокам/Лорноксикам 8мг/2мл – салмагы 115 кг 20 миң ампула;
- Гентамицин 80 мг/2мл, — салмагы 115 кг 20 миң ампула.
Жүктүн жалпы салмагы 804,5 кг. “Эксперт Оценка” ЖЧКсы Көз карандысыз экспертиза жана балоо борборунун корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын орточо базар наркы 2 447 936 сомду түзөт.
Жүк ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен чектеш мамлекеттен ташылып келинген. Аталган факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар Баткен облусунун ведомстволугуна караштуулугу боюнча берилген.