7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Тоо конушундагы үйлөрдү суу каптоо маселеси кантип чечилет?

810

Ленин жана Сокулук райондорунун башчылары Ала-Тоо конушунда ирригациялык тармактарды куруу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Курбанбек Айтибаев менен биргеликте Ала-Тоо жаңы конушундагы ирригациялык тармактарды куруу маселесин талкуулады.

Жыйындын катышуучулары Ленин районунун Ала-Тоо конушунун жашоочуларынын үйлөрүн суу каптоонун алдын алуу үчүн  Сокулук районунун аймагында батыш багытындагы темир жолду бойлото ирригация куруу маселесин карашты.

Сугат түтүктөрүн Ленин районунан берүү чечими кабыл алынып, Сокулук башкармалыгынан Айбике көчөсүнөн темир жолдун боюнан түштүк тараптан батыш тарапка сугат түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлдү.

Ирригациянын курулушу Ала-Тоо конушундагы үйлөрдү суу каптап, Сокулук районундагы Ак-Ордо конушунун аймагынан суу чыгаруу маселесин чечет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

811