7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир туугандар атасынын үйүн талашып соттошууда

1377

Ноокат районунун Т. Кулатов айыл аймагынын, 51 жаштагы тургуну Бүзейнеп Муратова жалгыз баласы менен башпаанексиз көчөдө калуу алдында тургандыгын айтып даттанууда.

Атасынан мураска калган үйдү бир тууган иниси сот аркылуу тартып алганын маалымат жыйынында журналисттерге ачыктады. Өзү II-топогу мүмкүнчүлугү чектелген жаран экендигин кошумчалады, ал эми соттун чечими анын катышуусу жок, ооруканада жаткан кезинде чыккан. Мындан улам, ал чечимди адилетсиз деп эсептөөдө.

“Баары ата-энемдин көзү өткөндөн кийин башталды. Ага чейин иним Россияда иштеп жүрүп каралашкан эмес. Мен күйөөм каза болуп келип, оорукчан ата-энемди бактым. Ошондо атам үй-жайды сага калтырам деп керээзин айтты. Көзү өткөндөн кийин 6 айдын ичинде кызыл документ жасатып алгам. Кийин иним Россиядан келип жасалма кызыл документ жасатып алыптыр. Ноокат райондук сотунан тарта Жогорку сотко чейин бардык. Жогорку сот иним Нээмат Муратовдун пайдасына чечип берди. Эми балам экөөбүз көчөдө калабызбы? Акыйкат издеп жардам сурап жүрөм. Короо-жайдын жалпы аянты 30 сотых ошонун 4 сотыхын бер десем да көнбөй, мени ур-токмокко алып үйдөн кууп чыгарууда. Атамдар менен жашаган эски үйдүн жанына кирпичтен жаңы турак үй курду. Биз эски тамдабыз, ал жерди да ыраа көрбөй тоок кепеге айлантам деп, жаныбыздагы бөлмөгө тоокторду алып кирип койду. Азыр тоокторго аралашып күн кечирип жатабыз. Жалпы 8 бир тууганбыз, бешөө эркек. Азыр үйдүн эркек балдарынын баары иним тарапта, мени “чыгып кет” деп жатышат” –дейт Бүзейнеп Муратова.

Кожо-Арык айылынын башчысы Зинакан Чодонова бир туугандардын маселесин айыл аксакалдары менен чечүүгө, жараштырып коюууга аракет кылышкан бирок, майнап чыкпаганын билдирди.

Ал эми Ноокат райондук сотунун төрагасынын жардамчысы Баялы Пратов төмөндөгүлөрдү билдирди.

“Ноокат райондук сотуна Нээмат Муратов атасынын керезин жокко чыгарып берүү үчүн кайрылган. Жалпы 30 сотых жердин 14 сотыхы ага чейин эле Нээмат Муратовдун атында болгон. ал калган бөлүгүн да өзүнө алуу үчүн кайрылган. Райондук сот аны четке каккан. Ага макул болбой областык, андан соң, Жогорку сотко кайрылып ал жактан Нээмат Муратовдун пайдасына чечим чыккан. Үстүбүздөгү жылдын март айында Нээмат Муратов кайрадан эжеси Бүйзейнеп Муратовду үйдөн чыгарып берүүнү боюнча сотко кайрылды. Биринчи отурумга Бүзейнеп Муратова келбегендигине байланыштуу жылдырылды. Экинчи отурум кийинки айга белгиленген”,- деген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1378