7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда баасы 320 млн сомду түзгөн жер мамлекетке кайтарылды

816

Ош областынын Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 127 га аянтты түзгөн жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүүдө, 2016-жылы Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги айыл чарба багытындагы 127 га аянтты түзгөн жерлер райондук “Кадастр” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча учурунда прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, жер тилкесине мыйзамсыз берилген укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар келтирилип, толук канааттандырылган.

Райондук көзөмөл органы тарабынан Шарк айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен баасы 320 млн сомду түзгөн 127,0 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

817