7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда «Чаян» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

886

Жалал-Абад шаарында каракчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-мартта милицияга 31 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында Жалал-Абад шаарынын аймагында сырттан тааныш болгон Дастан аттуу бала “көчө баласымын” деп коркутуп, 20 миң сом акчасын алып койгондугун билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, ИИМде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган, “Чаян” каймана аты бар Жалал-Абад шаарынын 28 жаштагы тургуну кармалган. Шектүүнүн Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, бети ачылбай жаткан оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Тергөө амалдары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

887