Бишкекте жатаканадан өрт чыкканын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, Ленин районунун Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан жатаканадан өрт чыккан. Имараттан үч жаран эвакуацияланып, эки жаран жабыркап, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилди.
Өрт саат 14:29да чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.