7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жашоочулардын 54%ы эл каттоодон өттү

724

Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын 54%ы эл каттоодон өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясында өткөн жыйында шаардык статистика бөлүмүнүн жетекчиси Бекмурат Айтиев билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында шаар мэри Эрнисбек Ормоков эл жана турак жай фондун каттоо маанилүү өнөктүк экенин баса белгилеп, аймактык башкармалыктардын башчыларына каттоочуларга көмөктөшүү жана каттоо жүргүзүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

Эл жана турак жай фондун каттоо кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата шаар аймагындагы жашоочулардын 54% катоодон өттү. Жалал-Абад шааардык састатистика бөлүмүнөн билдиришкендей, 25-марттан 30-мартка чейин каттоочулар тарабынан 67407 жаран катталган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгында Жалал-Абад шаарында 97172 адам катталган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725