Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия кыймылдуу курамдын санитардык абалын текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, транспорттун санитардык абалы, жүргүнчүлөрдүн беткап тагынуу режимин сактоосу жана иш учурунда айдоочулардын жүрүм-туруму да текшерилди. Кээ бир троллейбус айдоочулары унаа айдап баратканда телефон чалган үчүн эскертүү алышты.
Рейддин жүрүшүндө жалпысынан линияда иштеген 133 троллейбус текшерилди. Айдоо эрежелерин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга айып пул салынды.