7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сүйлөшүп алайын деп телефонун алып качып кеткен». Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

612

Жалал-Абад шаарында дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун 67 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 22-март күнү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы соода базарынын кире беришинде турган учурда, белгисиз азиат улутундагы жаран Самсунг А20S үлгүсүндөгү кол телефонун “Сүйлөшүп алайын” – деп алдап алып, кайра бербей качып кеткендигин билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1984-жылкы А.И. аттуу жаран кармалып, далил буюм катары Самсунг А20S үлгүсүндөгү кол телефон алынган.

Жабырлануучуга келтирилген чыгым толугу менен кайтарылып берилип, тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек буга чейин тоноо фактысына шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган болчу.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

613