Бишкекте жатаканадан чыккан өрттүн кесепетинен 4 жаран жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өрттөн үч керебет, шкаф, стол, муздаткыч күйүп кеткен. Эки киши түтүнгө ууланып, эки киши бутунан жаракат алып, тез жардам кызматы тарабынан жардам көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, кечээ, 30- мартта Бишкек финансы-экономикалык техникумдун жатаканасынын өрт чыккан.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар эсептелүүдө.