7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров Сауд Арабиянын элчисин кабыл алды. Кайсы маселелер талкууланды?

526

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Сауд Арабия королдугунун атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси  Ибрахим Аль-Радини кабыл алды. Жолугушуунун катышуучулары саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Сауд Арабиянын тышкы иштер министри, ханзаада Фейсал бин Фархан Аль Сауддун жакында Кыргызстанга болгон иш сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берет.

Министрлер кабинетинин төрагасы кошумчалагандай, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин катарына кыргыз-сауд бизнес форумун, кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын III жыйынын өткөрүү, ошондой эле эки өлкө ортосунда туруктуу авиакаттамдарды ачуу кирет. Ошону менен бирге тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, көп тараптуу платформаларда жана эл аралык уюмдарда кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

527