Эми бала 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө 1-класска аттанып, 0-класс деген жоюлат. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«12 жылдык окуу боюнча: эми бала 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө 1-класска аттанып, 0-класс деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт. Дүйнөлүк стандартка ылайык болобуз»,- деп жазды ал.