7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар-Коргондо үч айда 17 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган

715

Базар-Коргон райондук администрациясынын, РИИБдин, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп директорлору, социалдык педагогдор жана ата-энелер комитеттеринин төрагаларынын катышуусунда кеңешме өткөрүлүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу максатында биргелишип иштөө зарылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон шаарынын жана Арстанбап, Талдуу-Булак, Сейдикум айыл аймактарынын тургундары менен дагы жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууда үй-бүлөлүк чыр-чатактарды болтурбоо, суицид, эрте никеге туруу жана жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 3 ай аралыгында Базар-Коргон районунда 17 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталып, 17 коргоо ордери берилген.

Берилген коргоо ордерлери боюнча РИИБдин участкалык инспекторлору тарабынан көзөмөл карточкаларын ачылып 3 күндүк мөөнөткө каттого алынып, тиешелүү профилактикалык иштер жүргүзүлгөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

716