Ноокенде эс алуу жайындагы ашканадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, саат 07:10дө Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн, Калинин айылында жайгашкан парктын ичинде ашканадан өрт чыккан.
Жерине ӨКМден 1 бөлүм тартылып, «Кыргызнефтегаз» ААК бир өрт өчүрүүчү бөлүмү жардамга келген.
Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Кошумча маалымат берилет.