Быйыл 9-майда Бишкекте Ала-Тоо аянтында аскердик парад болбойт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жеңиш аянтында Улуу жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт жана «Өлбөс полк» жүрүшү уюштурулат.
Иш-чарага согуш жана эмгек ардагерлери, чет мамлекеттердин аскердик-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышат.
Эскерте кетсек, былтыр дагы 9-майда митинг-реквием өтүп, ага президент Садыр Жапаров баштаган мурдагы жана учурдагы жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер катышкан. Анда өчпөс отко гүл коюлуп, согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерилген.