7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаштар президенттин «Жашыл Мурас» демилгесин колдоого алды

832

Кыргызстанда ар кыл аймак жаштарынын «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясына катышуусу боюнча өлкөлүк демилге ишке кирди, анын демилгечиси катары президент Садыр Жапаров саналат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча республикалык жаштар акциясы Баткен облсунун Баткен районунан башталды. Жаштар Баткен токой чарбасынын аймагында бак отургузушту.

Баткен облусунун жаштарын видеоконференцбайланыш боюнча Бишкек, Чүй, Нарын жана республиканын башка облустарынын жаштары колдоого алды.

Бишкек шаарындагы иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларды талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов, «Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» коомдук бирикмесинин активисттери жана мамлекеттик органдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты.

Азамат Темиркулов Мамлекет башчынын атынан бак отургузуу боюнча бир нече күнгө созулган акцияга ыктыярдуу кошулган жаштарга ыраазычылык билдирди.

«Жратылыш бийи» аталган флеш-мобдон кийин студенттер Бишкек шаарынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан туунун жанында бак көчөттөрүн отургузушту.

Белгилесек, «Жашыл Мурас» кампаниясы үстүбүздөгү жылдын март айында башталган жана токой аянтын көбөйтүүгө багытталган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» аттуу Жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.

Акциянын алкагында жаштар арасындагы активисттердин жана ыктыярчылардын жардамы менен ар бир облуска миңдеген ар кандай түрдөгү бак-дарактарды отургузуу пландаштырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

833