7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартууну тапшырды

658

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын аппараттык кеңешмесинин жүрүшүндө мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы президенттин администрациясына тийиштүү чечимди иштеп чыгып, киргизүүнү тапшырды, ага ылайык, мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдалануунун көлөмүн эки эсеге кыскартуу жана кеңсе кагазынын эки бетине басып чыгаруу тажрыйбасын киргизүү тапшырылат. Бул жөнөкөй чара учурдагы керектөөнү 50 %га кыскартууга, натыйжада, өлкөнүн бюджетин жылына 112 млн сомго жакын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Акылбек Жапаров биологиялык түрдүүлүктү сактоо жана экологияга келтирилген зыянды азайтуу максатында электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи, анткени 1 тонна кагаз өндүрүү үчүн 17 дарак, 35 миң литр суу, 4 миң кВт электр энергиясы жана 240 тонна отун керектелет, ал эми кагаз өндүрүшүндө көмүртек кычкылы, аммиак, сымап, нитраттар, метанол, бензол, диоксиндер жана башка заттар колдонулат.

Кагаз чиригинде метан бөлүнүп чыгат, бул парник эффектин СО2ге караганда 25 эсеге көбөйтөт, бул дагы глобалдык ысып кетүүгө таасирин тийгизет.

Финансы министрлигине мамлекеттик органдардын кеңсе кагаздарын сатып алууга чыгымдар беренесин каржылоону кыскартуу тапшырылды.

Мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилигине мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу сатып алуулардын жол-жобосун иштеп чыгуу жана документти Финансы министрлиги менен макулдашуу тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659