7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын вице-президенти кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

817

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жана КРнын жалпы элин ыйык Рамазан айынын аякташы жана Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго жолдонгон куттуктоо катында бай тарыхы бар Орозо айт майрамы өзүнө жаратмандыкты жана улуу руханий мазмунду камтып тургандыгы айтылат.

Куттуктоодо ошондой эле бир тууган кыргыз элине тынчтык, жакшылык, бакубатчылык жана алдыга коюлган бардык пландардын ишке ашуусу тууралуу каалоо-тилектер айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

818