Баткенде унаадан өрт чыгып, айдоочу ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
1-майдан 2-майга караган түнү саат 22:58 де түшкөн маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында “Toyota Avensis” үлгүсүндөгү жеңил авто унаа жол четиндеги тосмону сүзүп, алдыңкы кыймылдаткыч бөлүгүнөн өрт чыккан.
Куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 23:10до толугу менен өчүрүлгөн.
Бөлүм барганга чейин айдоочу шаардык аймактык ооруканага жеткирилген.
Учурда өрттүн себеби такталууда.