7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 26-майда айрым көчөлөр жабылат (ТИЗМЕ)

740

26-майда Бишкекте өтүүчү Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу чет өлкөдөн келген делегацияларды коштоп жүрүү учурунда төмөнкү көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жабыла турган көчөлөр:

  • Фучика-Жибек-Жолу көчө кесилиши;
  • Жаш Гвардия көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишкен бөлүгү;
  • Чүй көчөсү Жаш Гвардия көчөсүнөн тартып, Ю. Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Манас көчөсү менен түштүк багытты көздөй (жогору чыкканда) кең Чүй көчөсүнөн тартып, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү.

Жогоруда көрсөтүлгөн жолдордон сырткары ага жакын жайгашкан жолдор кошумча багыт иретинде жабылышы мүмкүн.

«Урматтуу айдоочулар жана шаар тургундары жогорудагы убактылуу чектөөлөрдү эске алып, маршурттук жүрүү кыймылыңыздарды алдын ала пландап алуу менен, жол эрежелерин так сактоону өтүнөбүз»,- деп берилет билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

741