7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Россия балык чарбасы багытында кызматташуу келишимин түздү

1102

Кыргызстан менен Россия балык чарбасы багытында кызматташуу келишимин түздү.

Аталган макулдашуу Екатеринбургда өткөн Россия-Кыргыз аймак аралык IX конференциясында жетишилгени белгиленди. Документке экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Росрыболовство агенттигинин жетекчиси Илья Шестаков кол койгон.

«Бул Россия менен Кыргызстандын достук мамилесин чыңдоо жана балык чарбасы тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү келишими болуп калат. Ошондой эле эки мамлекеттин тең элинин балык жана балык продукцияларына керектөөсүн толугу менен камсыздоого, жагымдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле балык чарбасы жаатында өз ара иштешүүнүн укуктук негиздерин жөнгө салууга багытталган», — деген Шестаков.

Документке ылайык, эки өлкө балык чарбасы боюнча төмөнкү негизги багыттарда кызматташтыкты өркүндөтөт:

эки тараптуу кызыкчылыктарга дал келген документтер жана маалыматтар менен алмашуу;

илимий-техникалык кызматташуу;

адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу үчүн жөнөтүү;

аквакультураны өнүктүрүү;

Балыкчылык, аквакультура, кайра иштетүү, сактоо, жеткирүү, суу-биологиялык ресурстарынан балык жана башка продукцияларды чыгаруу жаатында биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.

Макулдашууну ишке ашыруу үчүн эки тараптан куралган комиссия түзүлөт. Конференцияга Кыргызстандын бардык облус шаарлардан өкүлдөр катышкан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1103