Ысык-Көлгө чөккөн 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирет.
Издөө иштери сууга чөгүп кеткен адамды 20 күн болгондо токтотула турган куткаруу жана издөө иш-чаралары жөнүндө жобонун негизинде токтотулат. Куткаруучулар 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүп, бирок натыйжа болгон эмес.
«Суучулдар 20 метр тереңдикке чейин кирип, издөө иштерин жүргүзгөг. Ошондой эле көп сандаган куткаруу топтору тартылган.Алар көлдүн үстүндө, астында жана жээгинде издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок андан майнап чыккан эмес»,-деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Аиша Нурдинова көлгө чөгүп кеткен. Кыз матрас баллондо калкып жүргөн маалда катуу шамал болуп, толкун агызып кеткен. Кыздын атасы аны куткарууга жетишпей калган.