7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ислам тилектештиги оюндарында алтын тагынган балбан кыздар Бишкекке келди

704

Бүгүн, 15-августта Ислам тилектештиги оюндарынын кыз-келиндер күрөшү боюнча жеңүүчүлөрүн «Манас» аэропортунда салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова менен бирге башкы машыктыруучу Нурбек Изабековду жеңиши менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчилиги куттуктады.

Белгилей кетсек, Ислам тилектештиги оюндары Түркиянын Конья шаарында өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 54 өлкөсүнөн 4 миңдей спортчу катышууда. Оюндар 18-августка чейин уланат.

Кыргызстан спорттун 16 түрү боюнча мелдештерге катышат. Бүгүнкү күндө биздин курама команданын куржунунда 17 медаль бар — 6 алтын, 6 күмүш жана 5 коло.

Булак: super.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

705