7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда калкты тейлөө борборунун кызматкери пара менен кармалды

938

Жалал-Абад шаарындагы «Инфоком» МИнын калкты тейлөө борборунун кызматкери 5700 сом пара алып кармалды.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-август күнү Санариптик өнүктүрүү министрлиги алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борборунун кызматкери, 1981-жылы туулган КР жараны С.Б.Б., КР улуттук паспортторун мыйзамсыз берүү, системалуу түрдө пара алуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды.
Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борборунун кызматкери С.Б.Б., Кыргыз Республикасынын жаранынын жашы жете элек балдарга 2021-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортторун мыйзамсыз тариздөө жана берүү, кийинчерээк аларды башка жактарга алып чыгуу үчүн 1000 сомдон 15000 сомго чейин акча каражаттарын системалуу түрдө алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган, ошондой эле «ортомчулардын» жардамы менен жашы жете элек баланы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга баланын ата-энесинин биринин (негизинен улуту өзбек) атынан жарандын жарандык паспортун берүүгө жана алууга укук берген жасалма ишеним каттарды даярдашкан.

Учурда системалуу түрдө акча каражаттарын алуу (пара алуу) туралуу байланыштарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

939