Мурдагы депутат Рыскелди Момбековдун диплому жокко чыгарылды. Маалыматты 7-каналга УКМК тастыктады.
Маалыматка ылайык, Момбеков 2003-жылдагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жасалма дипломун пайдаланып, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына тапшырып, 2014-жылы “Эл аралык мамиле” багыты боюнча окуусун аяктаган. Аныкталгандай, Кыргыз улуттук университетинен Рыскелди Момбековдун наамына белгиленген диплом 2003-жылы берилген эмес.
Ушуга байланыштуу К.Дикамбаев атындагы Кыргыз Республикасынын Дипломатиялык академиясынын Окумуштуулар кеңеши Ж.Баласагын атындагы КУУнун № 04119 дипломун жараксыз экендигин эске алып, мамлекеттик аттестациялык комиссиянын “эл аралык мамиле чөйрөсүндөгү адис” квалификациясын ыйгаруу чечимин жараксыз деп таануу чечимин эске алуу менен, Рыскелди Момбековго берилген Дипломатиялык академиянын диплому жокко чыгарылды.
Буга чейин Момбеков эч кандай жогорку билими жок эле ар кандай мамлекеттик кызмат орундарын аркалап келген.