7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кремль кубогунда» кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга ээ болушту

748

Бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары бильярд боюнча «Кремль кубогунун» XVI турниринде байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Турнир Москвадагы «Лужники» спорт сарайында 3 дисциплина боюнча өттү: Эркин пирамида (айымдар арасында), комбинацияланган пирамида (мырзалар арасында), 10-пул (айымдар жана мырзалар арасында).

Кубокко Кыргызстан, Армения, Казакстан, Беларусь, Молдова, Өзбекстан жана Орусиядан жалпысынан 286 спортчу катышып, 12си Кыргызстандан барды.

Мелдеш спорттун “Бильярд спорту”, “Пирамида” жана “Пул” дисциплиналары боюнча эл аралык спорттук байланыштарды чыңдоо, күчтүү спортчуларды аныктоо, алардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Биздин спортчулардын көрсөткүчү:

  • Дастан Лепшаков — 2-орун;
  • Ызатбек Ратбеков — 3-орун;
  • Азиз Мадаминов — 5-орун.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

749